www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин мыйзамдарды бузуп, уруксатсыз жүргөн мигранттарга өлкөдөн чыгаруудан тарта кирүүгө тыюу салууга чейин кескин чараларды көрүүгө чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Экстремисттик көрүнүштөр, укук бузуулар жана мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүнүн кандай гана түрү болбосун Россиядан чыгарууга жана кийин кайра киргизүүгө тыюу салууга негиз болуп, бул чаралар тезинен кабыл алынышы керек", — деген Путин ИИМдин коллегиясында.

Ал "мыйзамсыз миграцияда криминалдык бизнес курган" кылмыштуу топтор үчүн да катаал чаралар каралышы керектигин белгилеген.

Белгилей кетсек, 1-январдан тарта Орусиянын ИИМи жаңы эрежелерди киргизген. Өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн эмгек мигранттары өлкөдөн чыгарылып, кайра кирүүсүнө тыюу салынып, ошондой эле алар менен кошо иш бергендер да айыпка жыгылмай болгон.

Буга байланыштуу ИИМ Орусияга иштейм деп келген чет элдиктерди документин иретке келтирип алууну жана өз убагында ички иштер органдарына кайрылууну өтүндү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости