www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 «Жапаров жарык дүйнөгө жаралганда еврейлер ыйлашкан» -деп Жапаров миң какшабасын, үй-бүлөдө мурунтук тагынган букадай чүлүктөлүп калган. Башынан баштабай аягынан өйдө чыгалы. 2020-жылы октябрда Жапаров Садыр мамлекет башына келет.  Экс-президент Жээнбековдор менен куда болом деп жүргөн Жапаровду кеңешчи кылып алат. Жапаров ордун майлайм деп үч күн жумушка чыкпай С.Жапаровдун каарына калып аз жерден кызматынан кол жууп кала жаздайт. Жаңы келген С. Жапаров салыкты төлөбөгөндөрдү каза баштайт, А. Жапаровдун мойнуна шак эле энчилеп алган МИС боюнча 90 млн сомду төлөбөгөнү илинет. Финпол Жапаров МИСи тууралуу кылмыш ишин ачат. Кызык ушул жерден башталат, көрсө Жапаровдун көрөр көзү Жапарова Анара менен мальтанын офшордук фирмасы эсептелген Eurasia Capital Limited фирмасы кылгылыкты кылышып кыл жип менен буушуп жүрүптүр. Мамлекеттик финансы көзөмөлүнүн айтуусу боюнча МИСтин акциясынын  98,3 пайыз ушул фирмага тиешелүү экен. Анча-мынча башы жок президенттердин башын айлантуу үчүн бул фирманы түзө коюшса керек. Юстиция министрлигинин базасында мындай уюм жок. Журналист-иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциумунун базасында офшордук иликтөөгө дуушар фирма катары бажырайып турганы тууралуу өзүнчө сөз болот. Жапаров бүжүрөп жүрүп отуруп үчүнчү ирет финансы министри, андан соң экинчи ирет минкабдын жетекчилигине жетет. Биринчи жолу 2007-жылы аны өкмөт башчысына алып келишкен, бирок ал ордун майлайм деп жүрүп бул кызматынан кол жууган.

Депутат Жапаров 2015-жылы депутаттар Ташиев менен Жапаровдун мурдун канжалата койгон Алтынбек Сулаймановдун «Бир бол» партиясы менен парламентке келген . Жээнбеков президент кезинде куда болом деп опурулгандан башка көзгө көрүнөрлүк эч нерсе деле кылган жок. Атамбаев болсо аны СДПК партиясынын аппарат жетекчиси кылып «Кыргызавтомаштан» жер бөлүп берген. Ошондон баштап бизнесмен Анара Жапарованын таскагы башталды. Атамбаев президент болуп келген соң ичинен жийиркенип турса да «Ар-Намыс» партиясынын квотасы боюнча Жапаровду экинчи ирет финансы министри кылат. Кытайдан карыз алганыбызга да Жапаровдун чоң эмгеги бар. Башка депутаттардын колунан эмне келет эле, бирок Жапаров «Өлбөс Кащей» сыяктуу «өлбөс финансы министринен» өкмөт башчысына келген, көп нерсе колунан келмек. Бир гана анын жолу катуубу же дайыма элге жамандык кылууну каалап турабы, Жапаров финансы министри болсо да, өкмөттү жетектесе да  кымбатчылык муунта баштайт. 2011-жылы СДПКлаш «атакеси» кайрадан финансы министри кылып, азыркы карыздар Жапаров финансы министри  кезинде жаралган. Жегичтерди көп сүйө бербеген, жалгыз өзү гана жегиси келген Атамбаев аны көчүккө тээп кубалап чыккан.

Жапаров Отунбаеванын учурунда тайманбас генерал Конгантиевди салып берип ургаачынын кийимин кийинип, жоолук салынып алып өзү дыргаяктап качкан. Эми да Жапаров Таласка бекер жеринен барган жок. «Кумтөрдү» кайсап бүттү, эми Атамбаевдин заманында Бабановдун жайытына айланган «Жер-Үйгө» көз арта баштады. 2010-жылы биринчи вице-премьер –министр кезинде эле аны жайламак. Биринчиден, ал кездеги таластык премьер-министр Данияр Үсөновдон өтө алган жок. Экинчиден ал кездеги Ички Иштер министри Молдомуса Конгантиевди ээрчитип алып Таласка «порядок» орнотом деп барганы эмне менен бүткөнүн көпчүлүк билет. Таластыктар кокус Жапаровду кармасак эки кулагына тең “бирка” бастырмайын кетирбейбиз деп ызаланып жүрүшкөнү чындык. Эми Таласка барыптыр кулагына «бирка» бастырып келдиби же курсагына чучук батырып келдиби, ким билет, Таласты санариптештирем деп күпүлдөдү. Аймактын санариптик картасын түзөм дегени менен оюунун бары Жер-Үй болуп турду.

Ким бийликте турса ошонун партиясына махабатын арнап жүрүп, 2005-жылы биринчи ирет финансы министри болгондо ундун баасы асмандап кетип, инфляция ээ жаа-бербей кеткен. Жапаровду кызматтан алар менен ундун баасы түшүп, инфляция ооздукталган. ХИПК сыяктуу элге каршы программаларды колдоп, бир тыйын дегенде тоголонуп жүрдү. Сөзүбүз кур болбосун үчүн фактыга келели, ал СДПК партиясында штаб башчысы болгон. Андан «Жаңы Кыргызстанга» секирди, аны сатып «Ак Жолго» кирип, бир саат болсо да премьер-министр болду. Таластын кыраандары «эмдеп» койолу деди эле, жоолук салынып алып катынча качып «эмделбей» калды.

Депутат кезинде комиссияга төрага болуп Акаев менен кантип «Кумтөрдү» канадага салып бергени үчүн эмкиде сөз болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости