www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Джо Байден Орусия-Украина кризисин чечүү боюнча берген сунуштамасына Москвадан жооп алганын ырастады.

Байден ага карабай Орусиянын Украинага кол салуу коркунучу дале сакталып турганын белгилеп, дипломатиялык чечимдер үчүн эшик дале ачык экенине токтолду.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Вашингтондун берген сунуштарына жоопту АКШнын Москвадагы элчиси Жон Салливанга бейшемби күнү бергенин маалымдады.

Москванын катында «Америка тарап коопсуздук кепилдиги боюнча конкреттүү сунуштарды бербегени» көрсөтүлгөн. Орус тарап «ошол себептүү аскердик-техникалык мүнөздөгү чараларга барарын» белгилеген, кандай чаралар экени такталган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости