www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Владимир Путин Куралдуу күчтөрдүн жана Федералдык күзөт кызматынын жогорку деңгээлдеги офицерлерине маңдайында калканчы бар каракүл тумактарды (папах) кийүүгө тыюу салды. Мындай мазмундагы жарлыкка Орусия президенти 9-августта кол койду. Генералдар жана адмиралдардын боз түстөгү каракүл тумактын ордун мындан ары “5% алтын жиптер” менен кооздолгон мех тумак алмаштырат. Полковниктер үчүн тумак калканчы менен тигилет. “Папах реформасы” ага сарпталуучу каражатты үнөмдөө максатында ишке ашырылып жатканы кабарланган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, каракүлдөн тигилген папахтар 1817-жылы Кавказда согушуп жүргөн орус армиясына киргизилген. 1855-жылдан тартып ал казак аскерлеринин баш кийимине айланган. 1913-жылы папахты бүт армия кие баштаган. Октябрь революциясынан кийин “кызыл командирлер” актарга тиешелүү папахты кийишкен эмес. Бирок 1940-жылдарда каракүл папахты жогорку деңгээлдеги офицерлерге, генералдарга, маршалдарга кийүүгө уруксат берилген. Бир нече жылдан кийин каракүл папах кийүүгө полковниктерге да уруксат берилген.

1990-жылы коргоо министри Дмитрий Язовдун буйругу менен каракүл папахтарын офицерлер өз эсебинен тиктирип кие башташкан. Кийинчерээк президент Борис Ельцин орус армиясында каракүл папахын кулакчыны бар жөнөкөй тумакка алмаштырган.

Владимир Путиндин учурунда папахтарды кайрадан жогорку чиндеги офицерлер кие башташкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости