www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин Батыштын Москва энергетикалык экспортун "курал" катары пайдаланып жатат деген айыптоолорун четке кагып, Орусия мунай менен газды дүйнөгө оңой эле сата аларын айтты.

Ал 7-сентябрда Владивостоктогу Чыгыш экономикалык форумунда сүйлөп жатып, "Түндүк агым-1" газ кууру "иш жүзүндө жабылганын" жана акыркы турбинасы иштебей калгандыктан, ошол бойдон кала берерин билдирди.

Владимир Путин эгер турбина берилсе, орусиялык “Газпром” компаниясы "Түндүк агым-1" аркылуу газ берүүнү кайра жандантарын, кандай гана турбина болбосун ал түз эле Орусияга жөнөтүлүшү керектигин кошумчалады.

"Зарылчылык болсо Орусия "Түндүк агым-2" газ куурун да ишке киргизе алат", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости