www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина Минск келишимин аткарбай турганын айткандан кийин геноцидди токтотуу үчүн Орусия Донецк жана Луганск элдик республикаларынын көз карандысыздыгын таанууга аргасыз болду. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолукканда билдиргенин РИА Новости жазды.

Путин Киев ачык эле, жадагалса өлкөнүн биринчи адамы Минск келишимин аткарбай турганын жарыялаганын белгиледи.

“Ал аймактарда жашаган адамдарга жасалган геноцидди токтотуу максатында ДЭР менен ЛЭРди көз карандысыз мамлекет деп таанууга аргасыз болдук. Дагы бир жолу кайталайм, бул аймактарда жашаган тургундардын азап чегишин токтотуу үчүн арга түгөнгөндө ушундай чара көрдүк. Тилекке каршы, Батыштагы кесиптештерибиз муну байкамаксан болуп коюшту”, — деди Путин.

Орусия лидери ЛЭР менен ДЭРдин көз карандысыздыгын тааныгандан кийин алар аскердик агрессияга тушукканын айтып, аскердик жардам сураганын эске салды. Буга байланыштуу Орусия дагы атайын аскердик операция жасоого аргасыз болгонун белгиледи.

Мындан сырткары, Путин Косоводогу кырдаал боюнча бардык жактан колдоого алынган эл аралык соттун чечими прецедент жаратканын айтып, Луганск менен Донецк элдик республикаларындагы кырдаал дагы дал ошондой экенин эскерткен.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости