www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кабар” маалымат агенттигинин жетекчиси алмашты

“Кабар” улуттук маалымат агентигинин жетекчиси Кубанычбек Таабалдиев кызматтан алынып, анын ордуна Медербек Шерметалиев дайындалды. Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик маалымат агентигинин жетекчисинин алмашуусунун себеби айтылган жок. Бир күн мурун бул агенттик президент Садыр Жапаровдун кенен маегин жарыялаган.

Кубанычбек Таабалдиев “Кабар” маалымат агентигин 2011-жылдан бери башкарып келген. Медербек Шерметалиев буга чейин бир нече мамлекеттик жана менчик телеканаларда журналист болуп иштеген. Акыркы учурларда социалдык тармактардагы өзүнүн баракчасында президенттин саясатын колдоп, иш-аракеттерин жарыялап келет.

“Кабар” агенттиги Кыргызстан СССРдин курамына республика болуп киргенден бир жылдан кийин 1937-жылы союздук республиканын атрибуту катары “КырТаг” деген ат менен уюштурулган. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин “Кабар” деп өзгөртүлгөн. Агенттиктин жаңылыктары kabar.kg сайтында жайгаштырылат, маалымат жыйын өткөрүү залы бар. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости