www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бийликтеги «Аманат» партиясынын (мурдагы аталышы «Нур Отан») кезексиз жыйынында партиянын төрагалыгынан жана катарынан кетип жатканын билдирди. Токаев муну Конституцияга киргизиле турган кошумча-алымчалар менен түшүндүрдү.

Партияны эми мажилистин спикери Ерлан Кошанов жетектемекчи. Шейшемби күнкү курултайда “Адал” партиясы “Аманатка” кошулары маалым болду.

28-январда «Нур Отандын» жыйынында Токаев мурдагы президент, партияны негиздеген Нурсултан Назарбаевди төрага кызматында алмаштырган. Ошондо Токаев мамлекет башчы саясий уюмдардан оолак болууга тийиш деген ою менен бөлүшкөн.

Өткөн айдын башында ал партиянын аталышын алмаштырууну колдогон. Январдагы кандуу окуялардан кийин айрым региондордо партиянын катарынан чыккандар муну “иренжүү”, “бийликке ишенбестик менен” түшүндүргөн.

Соңку жылдары парламентте көпчүлүк орундарды ээлеген партиянын дарегине көп сын айтылып келатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости