www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин: Орусия өзөктүк согушка даяр

Орусия аскердик-техникалык көз караштан алганда өзөктүк согушка даяр. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Владимир Путин РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирди.

«Аскердик-техникалык жактан алып караганда, биз сөзсүз даярбыз. Бизде алар (ядролук ракеталар) ар дайым согушууга даяр», - деди Путин Орусия чындап эле өзөктүк согушка даярбы деген суроого жооп берип жатып.

Тактикалык өзөктүк курал тууралуу сөз кылып жатып, президент Украинадагы согуш маалында мындай куралды колдонуунун зарылчылыгы эч качан болбогонун белгиледи.

«Биздин өзүбүздүн принциптерибиз бар. Алар эмнени айтып жатышат: эгерде Россия мамлекетинин болушуна, биздин суверенитетибизге жана кез каранды эмести-гибизге зыян келтирилсе, биз куралды, анын ичинде ар кандай куралды, анын ичинде сиз айткан куралдарды да колдонууга даярбыз. Биз үчүн Стратегияда баары жазылган, биз аны өзгөрткөн жокпуз”, - деп кошумчалады Путин.

Путин ошондой эле бүгүн АКШ да өзөктүк күчтөрүн өнүктүрүп жатканын, бирок бул алар согуш баштоого даяр дегенди билдирбейт деп эскертти. Анын айтымында, эгер АКШ өзөктүк сыноолорду өткөрсө, Орусия да ошондой кылышы мүмкүн.

«АКШнын өзөктүк сыноолорду өткөрүү мүмкүнчүлүгү жаңы дүрмөттөр пайда болгондо пайда болот. Кээ бир адистер аларды компьютерде гана сынап көрүү жетишсиз, табигый жол менен текшерүү керек деп эсептешет. Булар Кошмо Штаттардын белгилуу чейрелерунде бар идеялар. Биз ал жөнүндө билебиз. Биз да карап турабыз», - деди президент.

Путин Батыш аскерлеринин Украинада болушу темасына да токтолуп, эгер АКШ ал жакка өз күчтөрүн жиберүүнү чечсе, Орусия америкалык аскерлердин Орусиянын аймагына жайгаштырылышы сыяктуу кадамды интервенция катары кабыл ала турганын белгиледи.

«Мен Байден салттуу саясий мектептин өкүлү экенин айттым жана бул тастыкталды. Байденден тышкары орус-америкалык мамилелер жана стратегиялык чектөө жаатында дагы көптөгөн эксперттер бар. Ошондуктан, мен бул жерде баары мынчалык шашылып жатат деп ойлобойм, бирок биз ага даярбыз», - деп жыйынтыктады Путин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости