www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупция фактысы боюнча КР министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары кызматынын Жалал-Абаддагы филиалынын директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Москва районунда жер бөлүштүрүү боюнча коррупциялык кылмыштар фактысы туралуу КР министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары кызматынын Жалал-Абад шаардык филиалынын директору Р.Э.И. кармалды.

Аталган Р.Э.И. Чүй облусунун Москва районундагы жер ресурстары кызматынын филиалынын директорлук кызматын ээлеп турган учурда "жер мафиясынын" мүчөлөрү менен тил табышып алып, акчалай сыйлык алуу үчүн трансформациянын расмий жол-жобосунан өтпөгөн турак жай куруу үчүн жер участокторуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларга кол койгону жана бергени аныкталган.

Мындан тышкары, жер операцияларына катышуу жөнүндө маалыматы жок тараптарга жер тилкелерин жалган тариздөөдө (кайра тариздөө) фактылары аныкталган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен үстүбүздөгү жылдын 11-мартында Р.Э.И. аттуу жаран КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости