www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин бүгүн, 13-марттагы отурумуна депутат Шайлообек Атазов катышып жатат. Ал фракциянын 10 мүнөт убактысын сурап, сөз сүйлөдү.

«Акыркы бир аптадан бери абдан көп кара пиар уюштурулуп жатат, айрыкча менин үстүмдөн. Ошону ким уюштуруп жатат деп сурайын дедим эле. Ошол блогерлердин, журналисттердин артында кайсы саясатчылар турат? Же бир эл аралык атайын топ барбы? Адам баласы оорунганда "лечение" кылып келгенге акысы бар да, туурабы? Менин эмне 15 күнгө "лечение" кылып келгенге укугум жокпу? Ошону да ызы-чуу кылдыңыздар. Атазов митинг уюштурат экен деп жатасыздар. Урматтуу фейктер, фейктердин артындагылар, эки жүздүү саясатчылар, аферисттер, ошол митингди өзүңөр уюштурасыңар. Мен өмүр бою мамлекетчил болуп келгем. Мамлекеттин туусу, спорт үчүн, кыргыздын желегин кучактап, дүйнөлүк аренада ыйлаган баламын», - деди Атазов.

Бишкектин административдик соту Абдурахманхажи Муртазалиевдин арызын канааттандырып, депутат Шайлообек Атазовду мандатынан ажыраткан болчу. Бүгүн Ш.Атазов мандат боюнча да сөз кылды. «Мандат бул бейишке кирди, чыкты деген эмес го. Мандаты жок деле эл арасында кызмат кылса болот. Муртазалиевге Жогорку соттун чечими чыккан, силер кара пиар кылып жатасыңар», - деди Ш.Атазов.

Февраль айынын аягында массалык маалымат каражаттарында депутаттар Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов, жана мурдагы депутат Искендер Матраимов өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалымат пайда болгон. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Атазов менен Осмонов акы төлөнбөй турган эмгек өргүү алышканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости