www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин 13-марттагы жыйынында депутаттар Шарапаткан Мажитова, Надира Нарматова, Мирлан Самыйкожо жана Дастан Бекешев Бишкектин Суеркулов 16/1 дарегиндеги имаратта жашаган тургундардын күчтөп чыгарылып жатышы боюнча кайрадан маселе көтөрүштү. Алар адамдардын жашап жаткан жеринен суукта көчүрүлүшү туура эмес болгонун айтып, өкмөткө алардын маселесин чечип берүү сунушун беришти. Ушул эле тема тууралуу депутат Талант Мамытов да пикирин айтты.

“Бир жагынан мыйзамдар аткарылышы керек. Бул жерде талаш жок. Бирок мыйзам баарына бирдей иштеш керек деп ойлойм. Турак жай кодекси боюнча күн суукта бир да адам жашаган жеринен чыгарылбашы керек. Эгерде чыгарылса ал мыйзамсыз болот. Мыйзам иштесе баарына бирдей иштеш керек. Прокуратура мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөгөн орган катары көңүл бурушу зарыл. Мына азыр кар жаап жатат. Алар каякка барат?”, - деди Талант Мамытов.

Суеркулов 16/1 дарегиндеги имараттын айланасындагы маселелер парламенттин 6-марттагы жыйынында да көтөрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости