www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгерде Польша Украинага аскерлерин алып кирсе, кайра чыкпайт. Бул туурасында Владимир Путин журналист Дмитрий Киселевго берген маегинде айтканын РИА Новости жазды.

"Польша украин-беларус чек арасын же дагы башка жерлерди калкалап туруу, украин аскерлерин чектешкен жерлерде согушка катышуусунан бошотуу үчүн Украинанын аймагына өзүнүн куралдуу күчтөрүн алып кирди дейли. Андан кийин польшалык аскерлер таптакыр кетпей коюшат деп ойлойм", — деген Путин.

Россия лидери Польша тарыхый жактан алып караганда, өзүнө тиешелүү деген жерлерди кайра кайтарып алууну каалап жатканын айткан.

"Сталин алардан алып, Украинага берип койгон деп айтылып, тарыхый жактан алганда, өздөрүнүн жери деп эсептеп келген аймактарды кайра кайтарууну көздөп жүрүшөт. Албетте, кайра алсак деген каалоосу күч. Польшалык бөлүктөр киргенден кийин кайра чыгышы күмөн", — деп кошумчалаган Путин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости