www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө күйүүчү май тартыштыгы жаралганын моюнга алып, аны «убактылуу жана олуттуу эмес маселе» деп атады.
Батыш маалымат каражаттарынын жазышынча, март айынан бери Украина Орусиядагы жана аннексияланган Крымдагы мунайды кайра иштетүүчү заводдорго жана энергетикалык объектилерге 50дөн ашуун сокку урган. Айрым талдоочулар бул чабуулдар өлкөнүн мунайды кайра иштетүү кубаттуулугуна таасир эткенин белгилешет.
Путин өкмөттүк жыйында энергетикалык объектилерди калыбына келтирүүнү тездетүүнү, зарыл болсо бензин импорттоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну жана абадан коргонуу системаларын күчөтүүнү тапшырды.
Ошондой эле ал Украина сунуштаган ок атышууну токтотуу демилгесин четке кагып, согуш Орусиянын алдына койгон максаттары аткарылганга чейин улана турганын билдирди.