www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-июлда, УКМКнын генерал-лейтенант А.К. Бакаев атындагы Академиясында курсанттардын салтанаттуу бүтүрүү аземи өттү.

Иш-чаранын алкагында Россия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматынын аскердик окуу жайларын жана КР УКМК Академиясынын кесиптик кайра даярдоо курстарын аяктаган бүтүрүүчүлөргө алгачкы офицердик наамдар жана дипломдор тапшырылды.

Салтанатка УКМКнын жетекчилиги, ардагерлери жана кызматкерлери катышты. Мекеменин жетекчилиги Академия улуттук коопсуздук органдары үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдаган алдыңкы ведомстволук окуу жай экенин белгилеп, аны мындан ары да өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик коопсуздукту камсыздоо жана Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоо боюнча милдеттерди жогорку деңгээлде аткарууга даяр болушу зарыл экени айтылды.

Иш-чаранын жыйынтыгында билим берүү процессин өркүндөтүү, материалдык-техникалык базаны чыңдоо, заманбап билим берүү технологияларын киргизүү, илимий потенциалды өнүктүрүү жана кадрларды даярдоо системасын мындан ары жакшыртуу негизги артыкчылыктуу багыттар катары белгиленди.

Последние новости