www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Президенти Владимир Путин жана анын администрациясы бардык санитардык нормаларды сактап жатат. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Россиянын Президенти жеке байланыштарды минималдаштырды деп айтылат маалыматта. Албетте президент менен жолугушууда маектешүүлөрдүн ортосундагы аралыкты сактоо кылдаттык менен сакталат.

Песковдун айтымында, азыр В.Путин менен коронавирус илдетин аныктоочу тесттен өткөн адамдар гана келе алышат. Алардын көпчүлүгү ден соолугу сак, ишенимдүү адамдар. Ошондой эле ал айрым президенттик администрацияда иштегендер жумасына бир нече жолу коронавирус илдетин аныктоочу тесттен өтүшөөрүн айткан.

Эске сала кетсек, акыркы маалыматтар боюнча Россияда 87 147 коронавирус учуру аныкталды. Бейтаптардын ичинен 7 346 жаран айыгып, 794 адам көз жумган. Учурда жалпы бейтаптардын саны 79 007.

Нуруллох Шарипов, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости