www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжан-Армения чек арасынын коопсуздугу жана аймактагы экономикалык, транспорттук байланыштарды түзүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.
Кремлдин билдирүүсүндө Путин менен Пашиняндын телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалымдалды.
9-декабрда Кыргызстандын борбору Бишкекте өткөн Евразия Экономикалык Жогорку Кеңешинин жыйынынын алкагында эки лидердин Орусия, Азербайжан жана Армениянын ортосундагы үч тараптуу декларациялардын аткарылышы боюнча сүйлөшүүсү эске салынган билдирүүдө: «Азербайжан-Армения чек арасында коопсуздукту камсыздоого, Түштүк Кавказдагы соода-экономикалык, транспорттук жана логистикалык байланыштарды калыбына келтирүүгө багытталган долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду»,-деп айтылды.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев да Азербайжан, Орусия жана Армениянын ортосунда 2-Карабах согушунан кийин түзүлгөн үч тараптуу келишимдердин аткарылышын телефон аркылуу сүйлөшкөн болчу.
Булак: NazarNews.kg