www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин 2024-жылдагы президенттик шайлоого көз карандысыз талапкер болуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына расмий түрдө документтерин тапшырды.
Орусиянын президенттик Кремл сарайынан берилген маалыматка караганда Путин Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясына барды.
Путин документтерди тапшырып, 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого көз карандысыз талапкер болуу арызына кол койду.
Өлкөнүн Федерация Кеңеши айдын башында президенттик шайлоону 2024-жылдын 15-17-мартында өткөрүү чечимин кабыл алган.
Орусиянын президенти Путин шайлоого талапкер болоорун жарыялап, Борбордук шайлоо комиссиясына билдирүү жөнөттү.
Шайлоо жарышына көз карандысыз талапкер катары катыша турган Путинди шайлоо өнөктүгүндө Орусия парламентинин төмөнкү палатасы Думадагы «Бирдиктүү Орусия» партиясы колдойт.
Орусияда буга чейинки президенттик шайлоо 2018-жылдын 18-мартында өтүп, Путин 76,69 пайыз добуш менен президент болуп шайланган.
Булак: NazarNews.kg