www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Былтыр 12-майда Министрлер кабинети “Кыргызтелеком”, “Евразия сактык банкы”, “Альфа Телеком”, “Дастан” ишканаларын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан ошол учурда Талантбек Иманов башкарган Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берген.
2023-жылы сентябрда "Дастан" ишканасы жана "Евразия сактык банкы" Санарип өнүктүрүү министрлигинен кайрадан Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондуна өткөрүлөрү кабарланган. Бул коомчулукта ишканалар Санариптик өнүктүрүү министрлигинин мурдагы жетекчиси Талант Имановдун кызыкчылыгына иштеп келгенби деген суроо жараткан.
Анткени анын алдында санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов кызматынан бошотулуп, президенттин алдындагы Инвестицияларды тартуу агенттигинин жетекчиси кызматына кеткен.
Министр болгонго чейин “Дастан” заводунда, "Газпром Нефть Азия" ишканасында эмгектенген Имановдун Кыргызстандагы энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу аты аталган Алексей Ширшовдун шопуру болгонун журналисттер иликтеп чыгышкан.
"Дастан" ишканасы учурда Санарип министрлигинин карамагында турат, заводдун акционери болуп аталган мекеме эсептелет.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg