www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын президенти Владимир Путин өкмөт мүчөлөрү менен болгон кеңешмеде Новосибирскидеги "Вектор" борбору коронавируска каршы россиялык экинчи вакцина катталганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Вице-премьер Татьяна Голикованын айтымында, "ЭпиВакКорона" коопсуз, алгачкы 60 миң дозасы жакынкы күндөрү чыгарылат.
Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги препарат 1-январдан тарта жарандар үчүн колдонууга чыгарын ырастаган.
"Вакцина 14-21 күндүк аралык менен эки жолу тамырга 0,5 миллилитр дозада колго сайылат", — деп жазылган дарынын көрсөтмөсүндө.
Белгилей кетсек, Россиянын окумуштуулары коронавирусту профилактика кыла турчу дүйнөдөгү биринчи вакцинаны иштеп чыгып, аны "Спутник V" деп атаган.
Булак: NazarNews.kg