www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Спутник V" дарысын өндүрүү Беларус менен Казакстанда жолго коюлду. Путин Орусия вакцина боюнча технологияны чет жакка берген жалгыз өлкө экенин айтты.

Коронавируска каршы россиялык вакцинаны Кыргызстанда да өндүрүү жагы каралып жатат. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин ЕАЭБдин саммитинде айтты.

Ал Россия кыска убакыттын ичинде дарынын натыйжалуу жана коопсуз үч түрүн чыгара алганын, жакынкы мезгилдерде "Спутник Лайт" деп аталган төртүнчү вакцина чыгарыларын белгиледи.

"Спутник V" дарысын өндүрүү Беларус менен Казакстанда жолго коюлду. Орусия вакцина боюнча технологияны чет жакка берген жалгыз өлкө. Эми мындай өндүрүштөрдү Армения менен Кыргызстанда ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү каралып жатат", — деди Орусиянын лидери.

Ошондой эле ал дары коопсуздугу жаатындагы кызматташууга да маани берүү зарылдыгын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости