www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия улуттук кызыкчылыгын, көз карандысыз өнүгүү жолун көздөгөн, ар бир мамлекетти коргой алган коопсуздук системасын түзүүгө дилгир болгон бардык өлкө менен кызматташууга ачык. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Эл аралык аскердик-техникалык "Армия-2023" форумунун ачылышындагы кайрылуусунда айтты.

Эскерте кетсек, форум ишин бүгүн, 14-августта, баштады. Атайын операцияда мыктылыгын далилдеген курал-жарак жана техника көрсөтүлө турган иш-чарага 69 чет элдик делегация катышып жатат, анын 29ун коргоо министрлери менен генералдык штабдардын жетекчилери баштап келген.

Путин форумдун кадыры артып, бүгүнкү күндө ал аскердик багыттагы заманбап продукция менен инновациялардын дүйнөлүк көргөзмөсүнүн бирине айланганын белгиледи.

"Патриот" паркынын полигонунда 1,5 миң россиялык ишкана аскердик багыттагы заманбап продукциянын 28,5 миң үлгүсүн тартуулады. Россия улуттук кызыкчылыгын, көз карандысыз өнүгүү жолун көздөгөн, ар бир мамлекетти коргой алган коопсуздук системасын биргеликте түзүүгө дилгир болгон бардык өлкө менен кызматташууга ачык. Өнөктөштөрүбүзгө куралдын бардык түрүн сунуштайбыз. Мунун ичинде акыркы үлгүдөгү башкаруу, чалгын системалары, сокку уруучу техника жана робот техникасы бар. Форум аянтчасында өзгөчө басым учкучсуз учуучу аппараттарга жасалган. Бүгүнкү күндө бул багыт аскер тармагында да, жай турмушта да катуу өнүгүп жатат. Мындан тышкары, коргонуу-өнөр жай комплексинин инновациялык жана жарандык продукциясын да баалап кетүүгө чакырабыз. Бул катерлер, тик учактар, амфибиялар жана квадрокоптерлер", — деди Путин.

РФ президенти өз сөзүндө Москва ар кыл тармак боюнча кызматташууга, кадрларды даярдоого, адистерди окутуп, тажрыйба алмашууга чакырып, биргелешкен машыгуу-окутууларды жүргүзүүнү сунуштады.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости