www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасы жаңы техникалар менен толукталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-августта Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына жергиликтүү бюджеттин жана ишкананын өздүк каражатынын эсебинен сатып алынган 7 жаңы заманбап атайын техникалар менен жабдууларды тапшырды.

Калаа башчысы техникалар ишкананын өндүрүштүк-техникалык базасын чыңдоо менен бирге, шаардын тазалыгын камсыз кылуу, кызматкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү менен иштин сапатын да жакшыртаарын белгиледи.

Ишканага төмөнкү техникалар сатып алынды:

- Көчөлөрдү жууп тазалоочу, Dongfeng маркасындагы 2 бирдик чаң соргуч автоунаасы;

- Таштанды ташып чыгаруучу (6 куб метр сыйымдуулугу менен) Dongfeng маркасындагы 2 бирдик атайын автоунаасы;

- 1 тонналык жүк ташуучу 2 электротрицикл;

- Таштанды чогултуучу 1 электротрицикл;

- Шыпыруучулар үчүн жабдуулары менен арабасы бар 30 таштанды чогултуучу контейнер;

- Шыпыруучулар үчүн 100 даана таштанды тергич.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости