www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин Си Цзиньпинди Кытай Эл Республикасынын төрагалыгына кайрадан шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу 10-мартта Кремлдин сайтында маалымдалды.
«Кытай Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын чечими сиздин мамлекет башчысы катары сиңирген эмгегиңизди таануунун далили, ошондой эле Кытайдын мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана улуттук кызыкчылыктарды дүйнөлүк аренада коргоо үчүн жүргүзүп жаткан багытыңызды кеңири колдоо болуп саналат», - деп айтылат орус лидеринин телеграммасында.
Путин Си Цзиньпиндин россиялык-кытайлык өнөктөштүктү жана мамлекеттер ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалады. Ал ошондой эле бул кызматташтыктын мындан ары да кеңейерине ишенимин билдирип, аймактык жана эл аралык маселелер боюнча биргелешкен иштерди улантууга чакырды.
Россиянын Президенти ошондой эле Кытай лидерине мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, чың ден соолук жана бакубатчылык каалады.
Си Цзиньпин кечээ күнү Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттарынын бир добуштан кабыл алган чечими менен КЭРдин төрагалыгына кайра шайланды. Ал Кытайдын тарыхында үчүнчү мөөнөткө шайланган биринчи төрага болуп калды.
Булак: NazarNews.kg