www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун губернатору Зиядин Жамалдинов парламентте айтылган депутаттардын дооматтарына жооп кайтарды.
Ал бул туурасында: "Мени "бизнеске бут тосуу менен алектенет, бир дагы күн бизнесте иштеген эмес, ушунча мүлк жыйнады" дейт. Менин Бишкек шаарында бир эле үйүм бар. Ысык-Көлдө дагы пансионаттары бар дешти. Ушунун баарын текшеришсин. Мен билбей жүргөн пансионаттарым болсо анда мага таап беришсин. Баарын текшеришсин",-деп Азаттыкка билдирди.
Эске сала кетсек, парламенттин 9-марттагы жыйынында депутаттар Жусупбек Коргонбой уулу, Эмилбек Жусупов жана Алишер Козуев Жамалдиновго байланыштуу маселе көтөргөн. Анда гектарлаган жерди ээлеп алганы, инвесторлорду иштетпей жатканы жана кадр саясатына аралашары айтылган.
Булак: NazarNews.kg