www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия президенти Владимир Путин Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин 9-майдагы майрамга гана эмес, толук кандуу мамлекеттик визит менен Москвага келерин билдирди. Бул тууралуу ал Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушуу учурунда айтты.
«Кытай Эл Республикасынын төрагасы бизде негизги конок болот, жана биз эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалы жөнүндө сүйлөшүп, эл аралык аянтчалардагы өз ара аракеттешүүбүздү талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз», – деди Путин.
Ван И Си Цзиньпиндин визитине даярдык ийгиликтүү жүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, Кытай лидеринин бул сапары «Россия-Кытай мамилелеринин өнүгүшүнө жаңы дем берет».
Буга чейин, 2024-жылдын сентябрь айында, Путин Ван И менен Санкт-Петербургда жолугушкан. Анда эки тараптуу мамилелердин келечеги жана ошол жылы октябрда Казанда өткөн БРИКС саммитине даярдык маселелери талкууланган.
2025-жылдын февраль айында Путин менен Си Цзиньпин телефон аркылуу сүйлөшкөн. Эки өлкөнүн лидерлери, атап айтканда, Эр-Риядда Россия менен АКШ делегацияларынын тынчтык маселеси боюнча жолугушуусун талкуулашкан.