www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия 3-сентябрды Дүйнөлүк экинчи согуш аяктаган күн деп тааныды. Президент Владимир Путин сын-пикирлерге карабастан мындай мыйзам долбооруна 24-апрелде кол койгон.

Ал эми дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү согуштун аякташын 2-сентябрда белгилеп келишет. Себеби бул күнү Жапония расмий түрдө багынганын жарыялаган. Бирок, орус парламенти өткөн аптада жактырган мыйзам долбоорунда Дүйнөлүк экинчи согуш аяктаган күн катары 3-сентябрь белгиленген. Ошондой эле документте 1945-жылы бул күнү Советтер Союзу жапон күчтөрүн жеңип чыкканы, бул жеңиш согуштун аякташына өбөлгө түзгөнү жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости