www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Федералдык жана аймактык бийликтер, илимпоздор жана бизнес өкүлдөрү Түндүк-Сибирь темир жолун куруу маселесин биргелешип изилдеши керек, мындай буйрукту Владимир Путин өкмөт менен болгон жолугушуунун жыйынтыгында берген.

«Россия Федерациясынын өкмөтү Кемерово облусунун өкмөтү - Кузбасс, Россиянын Илимдер академиясы жана Россия темир жолу менен биргеликте Түндүк-Сибирь темир жолун куруу маселесин карашы керек», - деп айтылат документте.

Анын жыйынтыгы кийинки жылдын 1-мартына чейин президентке билдирилиши керек.

Севсибди куруу маселеси көп жылдардан бери талкууланып келе жатат. Жол Ханты-Мансийск автономиялуу округун — Уграны Байкал-Амур магистралы менен байланыштырууга тийиш.

2030-жылга чейин темир жол транспортун өнүктүрүү стратегиясына ылайык, Нижневартовсктен Белый Яр аркылуу Усть-Илимскке чейинки магистралдык линиянын узундугу 1,9 миң километрди түзүшү керек. Ельчимо — Чадобец участогу Севсибдин составында езунче каралат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости