www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Россия Федерациясынын вице-премьер-министри – өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров бейшемби күнү Татарстандын башчысы Рустам Миннихановдун коштоосунда Татарстандын өнөр жай потенциалынын көргөзмөсү менен таанышты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. 

Мирзиёев Россия Федерациясына расмий сапарынын алкагында бейшембиде Казань шаарына келди. Татарстандын өнөр жай потенциалынын көргөзмөсү Россия менен Өзбекстандын аймактар ​​аралык кызматташуусунун III форумунун алкагында уюштурулду.

Көргөзмөгө Татарстандын 60тан ашык алдыңкы ишканаларынын, анын ичинде «Татнефть», «КАМАЗ», «Сибур», Казань вертолет заводу, «Алабуга» жана «Иннополис» атайын экономикалык аймактары жана башка ишканалардын продукциялары коюлду.

Татарстандын башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, Өзбекстандын президенти республикага болгон сапарынын алкагында Россия менен Өзбекстандын аймактар ​​аралык кызматташуу форумунун жыйынтыктары менен таанышат, Башир Рамеев атындагы жогорку технологиялык паркка, Казандагы жана башка бир катар объектилерге барат. 

Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен жолугушуу Казань Кремлинде пландалууда.

Өзбекстандын президентинин Россия Федерациясына иш сапарынын алдында Казанда Өзбекстан менен Россиянын аймактар ​​аралык кызматташуу форуму өттү. Анын максаты - эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы практикалык кызматташтыкты кеңейтүү.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости