www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Төртүнчү президенттик мөөнөткө шайланган Владимир Путин ант берип, расмий түрдө Орусиянын президенти кызматына киришти.
«Орусия заманбап жана динамикалуу болууга тийиш. Замандын чакырыктарын кабыл алууга даяр болуп, аларга чечкиндүү түрдө жооп бериши керек. Бул биз күчтүү болгон тармактарда лидерлигибизди бекемдөө үчүн зарыл», – деди Путин инаугурациясы маалында.
Путин «жашоонун бардык тармактарында жылыштарды» талап кылып, алардын жардамы менен коом «учурдагы түзүлүштү коргоого багытталган саясатты жана бюрократиялык көңүлсүздүктү» жеңе турганын айтты.
«Мындай секирикти бардык жаңы нерселерди кабыл ала билген, ошол эле маалда адамдарды кишендеп, алардын өз таланттарын, жөндөмдүүлүгүн ачып көрсөтүүсүнө тоскоолдук кылып жаткан адилетсиздикти, артта калгандыкты, учурдагы түзүлүштү коргоого багытталган саясатты жана бюрократиялык көңүлсүздүктү четке каккан гана эркин коом камсыз кыла аларына ишенем», – деп билдирди Путин.
Инаугурация салтанатына беш миң киши катышты. Алардын арасында аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийликтеринин, башкы диний конфессиялардын өкүлдөрү, чет өлкөлүк дипломаттар, ошондой эле шайланган президенттин штабында иштеген ыктыярчылар болду.
Булак: Борбордук Азия жаңылыктары