www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин «Валдай» эл аралык талкуу клубунун жыйынында сүйлөп жатып, АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын Россияны «кагаз жолборс» деп атаганына жооп берди. Ал бул мүнөздөмөнү туура эмес деп эсептейт.

«Мен айткам: Россия Украина менен эмес, дээрлик бүтүндөй НАТО менен согушуп жатат. Эгер биз НАТО блогу менен согушуп, ошол эле маалда алдыга жылып жатсак, анда НАТО тууралуу эмне айтууга болот?» — деди Путин.

Мамлекет башчы мындай билдирүүлөргө сабырдуу карарын айтып, Трамптын сөздөрү ирония менен айтылган болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Ал: “Бул болсо кагаз жолборс турбайбы”, — деген. Эми эмне болот? Анда барып, ошол кагаз жолборсту четке каккыла. Бирок баары башкача жүрүп жатат», — деп кошумчалады Путин.

Бул — Путиндин Трамптын айткандарына болгон алгачкы ачык реакциясы.

Эске салсак, 23-сентябрда Трамп Truth Social тармагындагы билдирүүсүндө Россияны «кагаз жолборс» деп атаган. Анын айтымында, Россия олуттуу экономикалык көйгөйлөргө туш болуп, Украина өз аймактарын кайтарып ала алат, деп кошумчалаган.

Буга чейин бул билдирүүгө Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да жооп берип, Россия «кагаз жолборс» эмес, аюу менен салыштырыларын билдирген. «Кагаз аюу болбойт. Россия — чыныгы аюу», — деген ал. Ошондой эле Песков экономикалык кыйынчылыктарды санкциялар жана дүйнөлүк туруксуздук менен байланыштырып түшүндүргөн.

PS: NazarNewsка чыккан Россия тууралуу макалалар сайттын жеке кызыкчылыгы, кандайдыр бир уюм менен келишими жок.

Последние новости