www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин жана анын үй-бүлөсү СССР доорундагы тыйындарды Москвадагы Поклон тоосуна коюла турган эстеликти жасоого өткөрүп беришти. Бул тууралуу СБ. Белорусь билдирди.

Бул баалуу экспонаттарды белоруссиялык коомдук ишмер, паралимпиячы Алексей Талай алды. Эстелик Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналат.

Президенттин атынан тыйындарды Россиянын басма сөз катчысы жана президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Дмитрий Песков тапшырды. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Владимир Путин бул долбоор тууралуу 2024-жылдын май айында мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде уккан. Ал Алексей Талай менен жолугушуп, анын демилгесин колдоп, өзүндө сакталган тыйындарды берүү тууралуу убада кылган.

Белгилей кетсек, бул долбоордун алкагында Беларуссия жана Россиянын жарандары өздөрүндө сакталган СССРдин тыйындарын согуштун ардагерлерине арналган эстеликтерди куруу үчүн тапшырууда. Буга чейин ушундай эле тыйындарды Беларуссиянын президенти Александр Лукашенконун үй-бүлөсү дагы өткөрүп берген.

Эстелик солдаттык кат – үч бурчтуу «фронттук кат» формасында жасалмакчы. Бул айкел «Ыраазы муундардын тирүү эс тутуму» долбоорунун үчүнчү эмгеги болуп саналат. Алгачкы эстелик 2022-жылы Минскиде, экинчиси 2024-жылы Брест чебинде тургузулган.

Последние новости