www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 2022-жылы Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке төрагалык кылат. Телефон аркылуу сүйлөшүүдө президенттер кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты.

Сүйлөшүүдө Жапаров элдин эрки менен өткөн парламенттик шайлоо тууралуу айтып берип, Орусияга шайлоолорго байкоочу катары активдүү катышып, мекендештердин добуш берүүсүн уюштуруудагы көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген. Ошондой эле "Спутник-лайт"  вакцинасынын кезектеги партиясын жеткиргендиги үчүн рахматын айткан.

Өз кезегинде Путин Жапаровду шайлоону ийгиликтүү өткөрүшү менен куттуктап, Кыргызстан элинин бакубаттуулугу үчүн өлкөнүн мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүн каалаган. Ошондой эле Жапаровду келе жаткан туулган күнү менен куттуктаган. Өлкө лидерлери тараптар ортосундагы активдүү диалогду союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде улантуу чечимин бекемдеди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости