www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Эмнеге электрондук шайлоого өтүүнү сунуштап жатасыз?

- Преференциалдык шайлоо биз үчүн чоң жетишкендик, тилекке каршы, азыркы АСУнун техникалык мүмкүнчүлүгү чектелүү, толук сенсордук технология башка тармактарда болгондой эле шайлоодо да адамдык факторду жок кылат, процессти жеңилдетет. Азыр XXI кылымда жашап жатабыз, баардык маселени техниканын күчү менен чечүүгө мүмкүн.

Эң негизгиси, экономикадагы, коомдогу дээрлик процесстерде адамдык факторду минимумга түшүрүү зарыл. Электрондук шайлоо дүйнөнүн 50 мамлекетинде колдонулат, мында процесс толугу менен электрондук тартипте өтөт. Андагы шайлоо баскычы эки тартиптен турат, биринчиси биздегидей шайлоочуну участокко келген жерде идентификациялоо.

Жарандын ошол аймакта катталганы такталгандан кийин анын ID картасын алып калып, шайлоочуга бир жолу колдонуучу картаны берет. Карта менен экинчи жабдууга өткөндө ал жерде сенсордук экраны менен аппарат турат. Ага карточканы салганда партиялардын аталышы, логотиби экранга чыгат.

Шайлоочу кайсы бир партияны тандаса, анын курамындагы талапкерлер, сүрөттөрү менен экранда пайда болот. Жаран өзү тандаган талапкерди басып коёт. Бул кадимки биз банк картасын колдонгон сыяктуу эле. Менимче, коомчулук үчүн ыңгайлуу, адамдык фактор аралашпайт. Бирден ашык талапкерге добуш берүү дээрлик мүмкүн эмес.

Жаңылып башка кандидаттын номерин басып алууга жол бербейт. Анткени шайлоочу талапкердин аты-жөнүн билбей калса, анын сүрөтү аркылуу таанып добуш бере алат. Жабдуу «ушул талапкерге добуш берүүгө макулсуңбу?» деп суроо берет, «ооба» деген жоопту басканыңызда гана ал эсептелет. Ал эми добушу эсептелгени боюнча аппарат ар бир адамга фискалдык чек чагырып берет. Чекте QR-код болот, аны менен азыркыдай түшүнбөстүк учурунда кол менен саноого жеңил болот. Чекти урнага таштагандан кийин комиссия биздин паспортту кайтарып берет.

- Толук электрондук добуш берүүнүн негизги артыкчылыгы эмнеде болот?

- Жогоруда айткандай, адамдык фактор жокко чыгат, жараксыз бюллетендер, текке кеткен добуш болбойт. Себеби, бизде өткөн ар бир шайлоодо адамдардын бюллетенди туура эмес толтурганы үчүн көптөгөн бюллетендер жарактан чыгат. Ушул шайлоодо эле дээрлик 116 миң 246 бюллетень жарабай калыптыр. Демек, ушунча добуш эсептелбей калды дегенди билдирет.

- Бирок, ар бир шайлоо, жаңы процедуралар каражатты талап кылат да...

- Бул жерде чыгым кылбай деле иштесе болот. Себеби, кагаз колдонулбагандыктан, бюллетендерге, басмаканага каражат кетпейт. Бюллетендерди ташуу, складда кармоо сыяктуу кошумча чыгашалар кыскарат. Анткени мунун баардыгы акчаны, убакытты талап кылат. Биз бул ыкманы коммерциялык негизде эмес, коомдук принципте сунуштап жатабыз. 2012-жылдан бери иштеп келаткан президенттерге айтып келебиз, азырынча жыйынтык чыга элек. Шайлоодо электрондук добуш берүү сыртта жүргөн мигранттар үчүн дагы ыңгайлуу. УИК ачуу жеңил.

Булак: Азия News гезити

Последние новости