www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Азаттык" кабарлагандай, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 21-февралда Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен Казанда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Бишкектин расмий маалыматында алар эки өлкөнүн мамилесин жана шекриктештикти талкуулаганы айтылат. Путин кыргыз бийлигине орус тилине көңүл буруп жатканы үчүн ыраазычылык билдирген.

Садыр Жапаров Орусиянын өкмөттүк делегациясын Кыргызстанда 2024-жылдын күзүндө өтө турган Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган мамлекеттик деңгээлдеги салтанаттуу иш-чараларга катышууга чакырды.

Орусиялык маалымат каражаттары Жапаров Путинге алдыдагы президенттик шайлоодо ийгилик каалаганын жазышты.

Жапаров 21-февралдан 3-мартка чейин Татарстанда өтө турган “Келечек оюндары” спорт мелдешинин ачылышына катышуу үчүн Казанга шейшембиде барган.

Кремлдин Украинадагы эки жылга аяк баскан согушунун фонунда уюштурулган бул иш-чарага КМШга, БРИКС уюмуна мүчө өлкөлөрдөн, Түштүк-Чыгыш Азиянын, Латын Америкасынын жана Африканын мамлекеттеринен 277 команда катыша турганы кабарланган.

Эл аралык басылмалар дүйнөдөн обочолонуп турган Орусия спортчуларына Париж олимпиадасынын ордуна “Келечек оюндарын” өткөрүп жатканын жазышкан. Маалыматтарга караганда, алгач ирет өтүп жаткан мультиспорттук таймаштарды уюштурууга 10 миллион доллар сарпталууда.

Путин бул иш-чарага КМШ мамлекеттеринин лидерлерин чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости