www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиялык куудул Данила Поперечный Ташкенттеги концертинде учурдун актуалдуу маселелерин тамашага салган сайын микорофону өчүрүлгөнүн билдирди.

Поперечный концертте “Орусия” жөнүндө үн катууга уруксат берилбегенин белгиледи.

Күбөлөрдүн билдиришинче, стендап-комик согуш, Орусия президенти Владимир Путин жана саясат жөнүндө сүйлөп баштаган сайын микрофон өчүрүлүп турган.

“Натыйжада, жергиликтүү укук коргоо органдарынын буйругу менен кеминде 50 мүнөттүк материалдын “үнү басылды”. Өзүмдү үйдөгүдөй сездим”, – деп жазды Поперечный.

Ал көрүүчүлөрдөр кечирим сурап, билеттин акчасын кайтарып берүүгө даярдыгын билдирди.

Орусия Украинага кол салгандан кийин Данила Поперечный мекенинен убактылуу чыгып кеткен. Азыр ал жаңы программасы менен чет өлкөлөрдү кыдырып жүрөт. Ташкенттен кийин ал Түркияда оюн коюуну пландаган.

Поперечный Путин менен катар башка орус аткаминерлерин сындап, оппозициянын митингдерине катышып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости