www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин 2021-жылы Женевада АКШ президенти Жо Байден менен жолугушууда ага 12 миң долларлык калем жана жазуу комплекти белек кылган. Бул анын ошол жылдагы эң кымбат белеги болгон, деп айтылат Мамлекеттик департаменттин протоколдук кеңсесинин отчетунда.
Документке ылайык, Путин америкалык кесиптешине “кичи жазуу топтомун жана калемди” белекке берген. Мамдепартамент белекти албай коюу "донорду жана АКШ өкмөтүн ыңгайсыз абалга алып келмек" деп билдирди.
Орусия менен АКШ президенттеринин сүйлөшүүлөрү 2021-жылдын 16-июнунда Женевадагы Вилла-Ла-Гранжда өткөн. Жолугушуу төрт саатка жакын убакытка созулган. Байден орус президентине америкалык бизондун кристалл фигурасын жана авиатор көз айнегин белек кылганы кабарланган. Сүйлөшүүлөрдөн кийин алар стратегиялык куралдарды чектөө боюнча билдирүү кабыл алышып, бирок биргелешкен пресс-конференция өткөрүшкөн эмес.
Булак: NazarNews.kg