www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Миллиардер Алишер Усмановдун USM холдинги VK интернет-компаниясынын (мурдагы Mail.ru Group) акцияларынын контролдук пакетин "СОГАЗ" камсыздандыруу тобуна сатты. "СОГАЗга" Владимир Путиндин досу Юрий Ковальчук, анын үй-бүлөсү, Путиндин жээни Михаил Шеломов жана "Газпром" ээлик кылат.

"СОГАЗ" "Газпромбанк" аркылуу интернет-компаниянын дагы бир ири акциялар топтомуна ээлик кылат. Өз кезегинде VK'га Орусиядагы ири социалдык түйүндөр - "ВКонтакте", "Одноклассники", mail.ru почтасы жана башка бир нече сервис таандык. Анын жалпы баасы 4,5 миллиард доллардан ашат.

Маалыматка караганда, USM "СОГАЗга" VK акцияларынын 57,3% ээлик кылган "МФ технологии" компаниясынын капиталындагы 45% үлүшүн сатты. Бул келишимдин суммасы ачыкталган жок. Ноябрда "Сбербанк" "МФтин" акцияларынын 36% "Газпромбанкка" 12,8 миллиард рублге саткан. Акциялардын дагы бир ири топтомуна Путин менен Дрезденде бирге кызмат өтөгөн Сергей Чемезов жетектеген "Ростех" мамлекеттик ишканасы ээлик кылат.

Forbes журналы 2020-жылы Mail.ru group деп аталган VK'ны Орусиядагы эң ири компаниялардын тизмесинде төртүнчү сапка жайгаштырган.

Компаниянын отчётуна ылайык, VK'нын жалпы кирешеси 2021-жылдын үчүнчү кварталында былтыркы жылдагы ушул мезгилге салыштырмалуу 19% көбөйүп, 30,41 миллиард рублди түзгөн. Холдинг баарынан жарнамадан жана оюн бизнесинен көп каражат тапкан.

2020-жылы декабрда "Проект" басылмасы өз иликтөөсүндө Юрий Ковальчукту президенттин жашоосунун эң жашыруун аспектилери үчүн жооп берген "өлкөдөгү экинчи таасирдүү адам" деп атаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости