www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Парламенттик шайлоо кандай өттү? Артыкчылыктары жана кемчиликтерине токтолсок...

-- Артыкчылыгы – шайлоочу партиялык тизмеде болочок депутатын өзү тикелей шайлап алды. Бул мыйзам ченемди бир кезде "Бүтүн Кыргызстан", "Ар-намыс", "Аалам" партиясы киргизген элек. Ал эми кемчилигин айта турган болсок, тилекке каршы, сервердин ачкычы БШКнын төрайымынын колунда.

Ошол сервердин сбой бергени Шайлдабекованын кечирилгис катасы болуп калды. Мындай диверсия жасоо менен саясый партияларга эмес, президенттин аброюна шек келтире башташты. Анткени, президент кыргыз элине, дүйнө жүзүнө "таза шайлоо өткөрүп берем" деп убадасын берди да.

Ошондуктан серверге кылдат мамиле кылыш керек эле. Шайлоо оюнчук эмес, "техникалык ката кетти" дегидей. Парламенттик шайлоо мамлекеттин тагдырын чече турган саясый иш-чара. Эгер парламент күчтүү болсо, алсыз мамлекеттин ишин көтөрөт, эгер парламент алсыз болсо, күчтүү мамлекетти алсыз кылып коёт.

Өкүнүчтүүсү, бул биринчи эле жолу болуп аткан жок. 2000-жылы серверди бузуп, бийликке ыңгайсыздык жараткан партияларды өткөргөн эмес. Экинчи жолу 2007-жылы серверди бузуп, дагы мына ушундай мамиле жасашкан.

Эми кийинки жылдарын айтпай эле коёюн, кайталанып эле келатат. Серверди ITшник башкарат, ачкычы бир гана адамда. Канча жолу шайлоодо мыйзам бузуулар, акыйкатсыз, адилетсиз өткөнү бу жолу да кайталанды. Ошого карабай Нуржан Шайлдабекова жазасыз калып, бизде саясый туруктуулук болбой келүүдө.

Булак: Азия News гезити

Последние новости