www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путиндин каршылашы комага түшүп калды

Орусиядагы Коррупцияга каршы күрөш фондунун жетекчиси Алексей Навальный эс учун жоготкон абалда «Тез жардам» менен Омскидеги ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу адегенде анын басма сөз катчысы Кира Ярмыш «Твиттерге» жазып, саясатчы жасалма дем алдыруучу аппаратта жатканын белгилеген.

Москва убактысы боюнча 9.23тө «Алексей дагы деле ИВЛ аппаратында. Оор абалда комада. Анализдин жыйынтыгы дале чыга элек» деп дагы бир твит жазды.

Ярмыштын маалыматына караганда Навальный бүгүн эртең менен Томск шаарынан Москвага учкан. Абалы начарлап, даараткананын жанында эс учун жоготуп жыгылган соң учак Омск шаарына чукул конгон. Ярмыш саясатчыны «чайга кошулган бир нерсе менен» ууландырышы мүмкүн деп шектеп жатат. Анын айтымында Навальный бул күнү чай гана ичкен.

Томск тургуну Павел Лебедев "Инстаграмына" Навальныйдын чай ичип отурган сүрөтүн жарыялап, андан соң аны менен учакка чогуу отурганын, саясатчы «өзүн абдан жаман сезип», «оорудан кыйкырып жатты» деп жазды. «Медиазона» басылмасы Навальный чай ичип отурган кафени «Венская кофейня» деп тааныды.

ТАСС агенттиги Омскидеги №1 оорукананын башкы дарыгери Александр Мураховскийге таянып, саясатчынын абалы оор деп жазды.

«Тайга.инфо» порталы Навальный бир нече күн Сибирде болгонун, ал кезектеги иликтөөсү үчүн материал чогултуп жүргөн болушу мүмкүндүгүн жазды. Саясатчы адегенде Новосибирскиге келип, ыктыярчылар менен жолуккан соң Томскиге кеткен.

Оппозициячы өткөн жылдын июлунда административдик жаза өтөп жаткан Москвадагы №1 убактылуу кармоо жайында ууланууга шектелип ооруканага түшкөн эле. Кийинчерээк ал орусиялык бир катар активисттер, журналисттер, саясатчылар жана атайын кызматтын мурдагы кызматкерлери Юрий Щекочихина, Анна Политковская, Александр Литвиненко, Сергей жана Юлия Скрипаль, Петр Верзилов ууланышканын, буга орус бийлиги шектелгенин эске салган.

Алексей Навальный Коррупцияга каршы күрөш фонду менен Орусия президенти Владимир Путин баштаган аткаминерлерди коррупцияга айыптап, алардын ишмердигин, эсепсиз байлыгын иликтеп келет.

Булак: centralasian

Последние новости