www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-августтагы президенттик шайлоонун алтынчы жеңүүчүсү Александр Лукашенконун инаугурациясы эки айдан кийин өтөт. Бирок, ант берүү күнү азырынча белгилене элек. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялады.

"Так датаны уюштуруучулар белгилейт. Инаугурация эки айдан кечиктирилбестен өтөт" деди, БШКнын расмий өкүлү. Айтымында, инаугурация шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыялангандан кийин бир айдын ичинде өтөт.

Беларуссияда шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразычылык акциялары 10 күндөн бери жүрүп жатат. Алгачкы күндөрү бул аракеттер укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен кагылышууга алып келген. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 6 000ден ашуун адам камакка алынып, ондогон укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана демонстранттар жаракат алышкан.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Лукашенко кийинки шайлоодо 80,1% добуш менен жеңишке жетишти.

Эске сала кетсек 19-августта, Биримдикке мүчө мамлекеттердин лидерлери онлайн режиминде жолугушуп, Беларуссиядагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого бир добуштан макул болушту жана анын жыйынтыгын бурмалоого катышкандарга санкция киргизүүнү чечишкен. Тилекке каршы Европа Биримдиги калыстыктан тайган сыяктанат. Алсак Ангела Меркель өзүн калтырап титиреп жатса дагы бийликте олтурат, өлкөсүн өнүктүрүп жаткан Лукашенкого акыл үйрөткөнү дуруспу? – деген суроо жаралат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости