www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Россия — буудайдын глобалдык рыноктогу лидери. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Федералдык жыйынга жасаган кайрылуусунда билдирди.

"Учурда биз өзүбүздү гана азык-түлүк менен камсыздабастан, буудайдын глобалдык рыногунда лидер болуп саналабыз. Биз азык-түлүк экспорттогон алдыңкы 20 мамлекеттин катарындабыз", — деди Путин.

Ал айыл чарба багытындагы жумушчуларга жакшы жыйынтыктар үчүн ыраазычылык билдирди.

Путин 2030-жылга карата агроөнөр жай комплексиндеги өндүрүш 2021-жылга салыштырмалуу төрттөн бирден кем эмес, ал эми экспорт 1,5 эсеге өсүшү керек экенин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости