www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Араб Эмиратынын мураскору Абу-Даби шейх Мухаммед Аль Нахайян көзү өткөн шейх Халифа бен Заида Аль Нахайяндын ордуна бул мамлекеттин башына келди.  Бул мамлекетти акыркы 18 боюу башкарган Халифа бен Заида Аль Нахайян 2014-жылдан бери инсульт алып алып ооруп, бул орунду мураскору алып келаткан. Ал космостук изилдөөлөрдү жүргүзө баштаган. Бириккен Араб Эмиратынын космостук агенттиги 2 жыл мурда негизделген. Мунун негизинде окумуштуулар чочконун жүрөгүн, өпкөсүн жана боорун адамга салуу мүмкүн дегенди аныкташкан. Чочконун жүрөгү салынган бабуиндер 945 күн жашады. Бул жөнүндө Мохаммед Мохуддин башындагы америкалык жана германиялык окумуштуулар тобу билдиришкен. Мындай эксперимент беш маймылга жасалган. Алардын жүрөгү алынбай кан айландыруу системасына чочконун жүрөгү кошулган. Бабуиндердин иммундук системасынын каршылыгын азайтуу максатында трансплантация үчүн чочконун модифицияланган органы пайдаланылган. Бул тажрыйба абдан маанилүү. Себеби, бөтөн жандыктын органдарын адамдарга колдонууга бизди бир кадам жакындаткан.

«Ксенотрансплантация жылына адам органы жетишпегенден улам өлгөн миңдеген оорукчандардын өмүрүн сактап калганга мүмкүндүк берет”,-деген Мэриленддеги Жүрөк, өпкө жана кан боюнча улуттук институттун изилдөөчүсү Мохаммед Мохуддин.

Бул ксенотрансплантациянын1 1960-жылдардан берки тарыхындагы рекорддук көрсөткүч. Илимпоздор жакынкы мезгилде чочконун жүрөгүн, өпкөсүн жана боорун адамга салуу мүмкүн болот деп ишенишет. Ксенотрансплантация - адамга айбандардын клеткасын, тканын же органын трансплантациялоо.

Кыргызстанда четте мыйзамдуу ишке орноштуруу аракетин көрүп жатат. Ушул тушта Бириккен Араб Эмиратына жумушчуларды тандап, жөнөтө баштады. Соңку кездери иштегени чет өлкөгө барып, кулчулукка кабылып калгандардын саны азайбай келет. Алардын дээрлик баары мыйзамсыз жол менен кеткендер.  Араб Эмираты - ири туристтик өлкө. Ал жакта чоң соода борборлор, дүкөндөр бар. Ошол жакка тил билген, англис, орус тилин билген сатуучулар керек болуп жатат. Анткени ал жакка Орусиядан, КМШ өлкөлөрүнөн туристтер келет. Анан арабдар Кыргызстанга келип, эки тил билген сатуучуларды жумушка алуу үчүн борбор  менен иштешип жатат.
Четте жумушка орноштуруу борбору мыйзамдуу жол менен кеткендин пайдалуу жактарын айтып келишет. Борбор аркылуу кеткен ар бир киши Араб Эмиратына келгенде, эмгек келишимине кол койгондон кийин сөзсүз түрдө, медициналык кароодон өтүп, Башкы консулдукка каттоого турат. Эки жылдык эмгек визанын ээси болгон адам эч кандай кыйынчылыкка түшпөш керек. Эгер өзү эле ошол өлкөнүн мыйзамын бузуп жоопко тартылбаса, башка кыйынчылыкка кабылбайт.
Адистер четке иштегени барып, кулчулукка кабылгандар азайбай жатканын белгилешет. Мунун башкы себеби мыйзамсыз өз алдынча ар кандай жол менен кеткенине байланыштуу. Адам кандай болсо да жакшы жашагысы келет. Четке чыгып, көбүрөөк акча тапкысы келет. Баары эле “мен кулчулукка кабылбайм” деп ойлойт. Бирок, тилекке каршы, кабылып калат. Өзүнүн укугун билбегендиги, четке мыйзамсыз жол менен чыкканы да кулчулукка кабылганга себеп болот. Иш берүүчү менен келишимге кол койбойт. Анан мунун баары ушундай окуялар менен аяктайт. Эмгек кулчулугуна кабылгандар негизинен Орусияда, Казакстанда көп катталат. Сексуалдык кулчулукка кабылгандардын басымдуу бөлүгү Түркияда жана Араб Эмиратында болот. Эл аралык миграция уюмунун маалыматында, жылына 5 миңден ашык адам эмгек жана сексуалдык кулчулуктун туткунуна айланат. Тартип коргоо органдардын эсебинде, башка өлкөгө кетип жаткан ар бир алтынчы кыз-келин кулчулукка кабылат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости