www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-майга карата күтүлбөгөн аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16 күндүз +24…+29

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14 күндүз +22…+27

Баткен облусунда түнкүсүн +13…+18 күндүз +25…+30

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+18 күндүз +25…+30

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13 күндүз +16…+21

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11 күндүз +15…+20.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16 градус, күндүз +26…+28 градуска жетет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости