www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Жизак шаарында каржы пирамидасын уюштургандар кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасына караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү департаменти кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кармалгандар Telegram мессенджери аркылуу иштеп, жалпысынан 692 миллион сумдан ашык (62 миң доллар) каражат топтошкон. Март айында алар Instagram'га жарнама чыгарып, 50 доллар салгандардын акчасын 7-8 эсе көбөйтүп берүүнү убадалашкан.

Каржы пирамидасын уюштургандарга карата "Акча же башка мүлктү тартуу боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости