www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров, экс-президент Алмазбек Атамбаев, саясатчы Бекболот Талгарбеков майтарылбас, тайманбас адамдар катары түрмөнүн төрүндө отурушту. Үчөө тең ачуу чындыкты жашырбай айткан эр жүрөк адамдар экени белгилүү.

Саясатчы Б.Талгарбеков: «бул бийлик Кыргызстанды өнүгүү жолуна сала албасына элдин көзү учурда жетип калды», - деп айтты. Бул аксакалдын ордунда башка бирөө болгондо баса калып түрмөнү көздөй алып жөнөшмөк.

Ал жакта каралоо мыйзамдары толтура экенин аты аталган үчөө жакшы билишет. Мындай аракеттер кыргыздын патриот адамдарына карата колдонулса, өз чөнтөгүнүн патриоту болуп алгандарга кошомат айтышып, сыйлап турушат эмеспи.

Мисалы, коррупция менен мафиянын башында турган Соке Ак үйдөн айдалып чыкканына карабастан 130 миң сом пенсия алып, мамлекеттик резиденцияда элдин эсебинен багылып жатканын кыргыз эли бир жылдан бери айтып келатат.

Эч кандай күнөөсү жок бир адамды багып алуу эч кимге оорчулук келтирбейт, бирок Сокенин айынан үчүнчү революция болуп, миңдеген адамдар жабыркаганын бүгүнкү бийлик унутуп калдыбы?

Бийликке келгиче «коррупция менен күрөшөбүз» дешип, келип алгандан кийин коррупция менен мафияга кошомат кылышып, калкалап келатканын кыргыз эли көрбөй калыштыбы?

Коррупщия менен мафиянын башында турган Сокеден айырмасы жок А.Ширшов үй камагына чыгарылып, андан ары «зуу» коюп кетсе президент С.Жапаровдун күнөөсү жок да.

Тескерисинче, президент коррупция менен катуу күрөшүп жатканын айта кетүү керек. Булар президентке караганда жүз эсе куу, миллиарддарды жеп-жутуп алышкан немелер абдан күчтүү болуп турушса, алар менен Кудай да күрөшө албай калды го.

Ошондуктан президент Садыр Жапаров экс-президент Алмазбек Атамбаевди түрмөдөн чыгарып, экөө бирдей Орусия президенти В.Путинден жардам сурашы керек.

Кыргызстанда коррупция менен мафия гүлдөп, кыргыз мамлекети жок болуп баратканын ачык айтуулары керек. В.Путин кадр жагынан жардам берип, ишеничтүү адамдарын жөнөтсө, кичинекей Кыргызстанды бир айдын ичинде өнүгүү жолуна салып беришет.

Садыр Жапаровдун айланасындагы кошоматчылар орду түбү менен жок болушуп, Кыргызстан өнүгө баштаганын ошондо түшүнүшөт.

Булак: Азия News гезити

Последние новости