www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутат Надира Нарматова SuperTVнын журналисти менен болгон ашканадагы чырдын чындыгын NazarNews маалымат агенттигине айтып берди.

Депутаттын айтымында, журналисттин түштөнүү учурунда ашканага кирип, ар бир депутаттын оозуна микрофон такаганга укугу, журналисттик этика жол бербейт.

“Менин айткандарымдын көбүн кесип салыптыр. Ал жерде башка депутаттар Сеид Атамбаев, Камила Талиева, Медер Алиев, Ж.Акаевдар да бар болчу. Аларга да микрофон сунган. Бирок аларды өчүрүп, меникин гана калтырып, шантаж кылып жатат. Уруксатсыз бирөөнү тартканга болбойт деп мыйзамда да жазылган. Мен ал кызды (ред Тахмина Кенжебек кызы) уруксатсыз мени тартып, өзүнө керектүү жерин алып, таратканы үчүн сотко берсем да болмок, бирок, мен анын деңгээлине түшкүм келбейт.

Журналисттик этиканы бузуп, тарткан видеосун толук чыгарбай, жалгыз менин сөзүмдү чыгарып, мага жалаа жапканы үчүн кечирим сурашсын. Сотко бербегениме рахмат айтышсын. Анткени мен бир жумадан бери унчуккан жокмун.

Депутат элдин өкүлү. Жаманбы, жакшыбы өзүнүн статусу бар. Депутаттар өздөрү келип олтуруп алган жок. Алардын ар биринин өз колдоочусу бар”, - деди эл өкүлү.

Өз кезегинде эл өкүлү аталган медианын журналисттерине парламентке кирүүгө убактылуу тыюу салынганынан кабары жок экенин билдирди.

Эске салсак, 11-майда Тахмина Кенжебек кызы Жогорку Кеңештин ашканасын тартып жүргөндө депутат Надира Нарматова экөөнүн ортосунда чыр чыккан. Депутат тамак ичип отурганда тартпоо керектигин айтып, ортодо пикир келишпестик болгон.

Ал эми бүгүн, 18-майда, SuperTV телеканалынын бардык журналисттерине Жогорку Кеңешке кирип, парламенттин ишин чагылдырууга убактылуу тыюу салынды.

SuperTV телеканалынын журналисти Тахмина Кенжебек кызы парламенттин ишин чагылдыруу үчүн барып, имаратка кире алган эмес.

Постто турган кызматкерлер анын аты-жөнү Жогорку Кеңешке кире тургандардын тизмесинде жок экенин айткан. SuperTV муну журналисттердин ишине тоскоолдук катары баалады.

Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу үчүн Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттары парламенттин басма сөз кызматынан аккредитациядан өтөт. 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан бери журналисттер парламентке тизме менен эле кирип жатат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости