www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун губернатору Зиядин Жамалдинов иштей албай жатат. Бул боюнча коомчулуктун көзү жетип калды. Башкаруу идеясы, демилгеси, алгылыктуу программасы жок экен.
Эл менен жолугушканы да башкача, ынанымдуу сүйлөй албай, кыйчалыш кырдаалга себепчи болгонун көрүп жатабыз. Кадыр-барксыз эле канат күүлөсө уча алмак беле? Шефинин абийирин орун басары Данияр Жаныкулов жаап жатканы, тартип, мыйзамдуулукту көзөмөлдөгүн, көпчүлүктү башкаруу чеберчилигин көрсөткөнү, орду менен сүйлөгөнү, айтор, ишти жайгарып кеткени байкалууда.
Баса, убагында Зиядин Жамалдиновду премьер-министр Улукбек Марипов, депутат Бакыт Төрөбаев сүрөп, жогору жакты ынандыруу таризинде Ош облусунун губернаторлугуна көтөрүүгө салым кошушат.
Тилекке каршы, ишеним акталбай, ирип баратканы эмнеден кабар берүүдө?
Булак: Азия News гезити