www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кремлде мамлекет башчысы Владимир Путин менен Херсон облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Владимир Сальдонун жолугушуусу болду.
Жолугушууда Сальдо аталган облуста Кахов ГЭСсинин бузулушунан кийин жүргүзүлгөн иш-чаралар боюнча отчет берди.
Сальдонун айтымында, эки айдын ичинде бардык бөлүмдөрдүн, ведомстволордун жакшы координацияланган ишинин аркасында эбегейсиз кырсыктын кесепеттери иш жүзүндө жоюлду.
“Бул Днепрдин төмөнкү бөлүгүнө тиешелүү, 17 калктуу пункт, бүткүл 15 километрдик зонасы бар. Ал Днепр линиясынан тартып табигый агымы боюнча агып турат. Электр жарыгы, газ берүү калыбына келтирилди жана суулар жууп кеткен жолдор, коммуникациялар – баары ордуна келип, адамдар өздөрү үйлөрүнө кайтып келе баштады,”-деди Сальдо.
Ошондой эле ал, материалдык зыянга жараша, 300 миллиондон ашык ар кандай жардамдар көрсөтүлгөнүн кошумчалады.
Путин өз кезегинде, элге акча эле берип койбостон, үйлөрүн жана документерин калыбына келтирүүгө жардам бериш керектигин айтты.
“Каза болгон 57 адамдын үй-бүлөсүнө сөзсүз түрдө жардам берүү керек,” - деди Путин.
Сальдо белгилегендей, 6-июнда болгон кырсыктан кийин дамба жуулуп, станция жок болгон.
“Инженердик көз караш менен караганда, ал дагы бардык нерсе сыяктуу эле реставрацияланууга тийиш жана бул калыбына келтирүү активдүү аскердик операциялар токтогондон кийин мүмкүн экендиги талашсыз, анткени, Киев тараптан атуу дагы деле уланууда, кичинекей FPV дрондорду, атүгүл унааларга кичинекей гранаталарды ыргытып жатышат”, - деди губернатордун милдетин аткаруучу.
Эске сала кетсек, 2023-жылы 6-июнга караган түнү украин армиясы Кахов ГЭСинин жогорку бөлүгүн "Ольха" залптык оттун реактивдүү тутуму менен аткылаган. Аймактагы суу баскан округдардан 4,3 миңге чукул адам эвакуацияланган.
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Кахов ГЭСин Киев режими аскерлерди Херсон багытынан чабуул коюуну пландаган районго которуу үчүн жардырганын белгилеген.
Владимир Путин бул окуяны украин бийлигинин варвардык акциясы экенин жана масштабдуу экологиялык жана гуманитардык кыйроого алып келгенин белгиледи.
Тергөө комитети аталган факт боюнча иш козгоп, тергөө иштерин баштаган.
Кахов ГЭСи — Днепрдеги гидроэлектр станцияларынын каскадындагы алтынчы тепкич, Херсондогу Жаңы Каховка шаарынан беш чакырым аралыкта жайгашкан. Жаңы Каховка шаары 2022-жылы 30-сентябрда жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Россиянын кармагына кирген Херсон облусунда жайгашкан.
Булак; NazarNews.kg