www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Бүгүн, 20-декабрда Иван Поддубныйдын балбандар лигасынын (PWL – 3) кезектеги мелдешинде кыргызстандык үч балбан күчүн сынайт. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Мелдеш Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда саат 19:00дө башталат.

PWL – 3 мелдеши World Series форматында, башкача айтканда, дүйнөнүн эң мыкты балбандары килемге чыгып, бир жолудан күрөшөт.

Кыргызстандын атынан үч балбан: Жоламан Шаршенбеков, Мээрим Жуманазарова жана Үзүр Жузупбеков катышат.

Күрөштүн грек-рим түрүнөн 60 кг салмакта Жоламан Шаршенбеков россиялык күчтүү балбан Анвар Аллахьяров менен күрөшөт. Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшүнүн 68 кг салмакта Россиянын бир нече жолку чемпиону Ксения Буракова менен кармашат. Ал эми Үзүр Жузупбеков грек-рим күрөшүнүн 97 кг салмакта Европа чемпионатынын байге ээси Александр Головинге (россиялык балбан) каршы килемге чыгат.

Белгилей кетсек, Иван Поддубныйдын балбандар лигасы (PWL) ушул жылдын май айында түзүлүп, анын биринчи мелдеши “ЦСКА” футболдук клубунун машыгуу аянтчасында, экинчиси Москванын Вернадский мамлекеттик циркинде өткөн.

Аталган мелдеште 10дон ашык өлкөдөн 1 миңдей балбан күчүн сынайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости